Өкмөт депутаттын билдирүүсүнө жооп берди

Өкмөт депутаттын билдирүүсүнө жооп берди
14-Сен. 2018, Жума, 12:27

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жоюлбайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жогорку Кеңешинин депутаты Зиядин Жамалдиновдун жогоруда аталган мамлекеттик инспекциясы жоюулары тууралуу билдирүүсүнө карата Өкмөттүн аппараты төмөнкүлөрдү маалымдайт.

"2014-жылдын 29-майында кол коюлган Евразия экономикалык биримдигине кошулуу «Жол картасынын» 107-пунктуна ылайык карантиндик фитосанитардык контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын аткаруучу мамлекеттик орган түзүү пландалган.

Алынган милдеттерди аткаруунун алкагында Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы түзүлгөн.

Ошону менен бирге Өкмөттүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 «Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө» токтомуна ылайык Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти түзүлөт.

Муну эске алуу менен экспорттук потенциалды жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын ишмердигинде функциялардын кайталанышын четтетүү максаттарында фитосанитардык көзөмөлдөө милдетин аткарууну бир мамлекеттик органга өткөрүп берүү каралган.

Буга байланыштуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Өкмөттүн «өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоорун даярдап, белгиленген тартипте Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна сунуштаган.

Көрсөтүлгөн токтом долбоорунда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын фитосанитардык коопсуздук боюнча функциялары менен кошо аталган функцияларды аткарган 39 штаттык бирдигин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өткөрүп берүү сунушталууда.

Аны менен бирге белгилей кетүүчү жагдай, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ветеринардык коопсуздукту сактоону камсыздаган 1041 штаттык бирдигин сактап калат.

Эскерте кетсек, ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин бардыгында фитосанитардык коопсуздукту сактоо функциялары алардын Айыл чарба министрликтерине жүктөлгөн.

Ошентип Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын жоюуну пландаган жок.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
 Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда