УКМК террордук уюмдун мүчөсүн кармады

УКМК террордук уюмдун мүчөсүн кармады
14-Сен. 2018, Жума, 14:30

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыздоодо жана ошондой эле Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышууга үгүттөөчүлөрдү аныктоо жана алардын ишине бөгөт коюу боюнча өткөргөн контртеррористтик иш чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын жараны, 1994-жылы туулган Х.И. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган маалымат боюнча, ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде узак убакыттан бери жашап, Сириядагы жаңжал болуп жаткан аймактарга рекруттарды үгүттөө менен алектенип келген.

Учурда УКМКнын Тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, кармалган жаран камак жайына киргизилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!