Гүлмира Кудайбердиева: 193 мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж

Гүлмира Кудайбердиева: 193 мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж
14-Сен. 2018, Жума, 16:24

Кыргызстандык аймагында 193 мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бир нече жыл мурун ЮНИСЕФ менен биргеликте талдоо өткөргөндө өлкөдө мектептердин дээрлик 80 пайызы оңдоп-түзөөгө жана жаңы курулушка муктаж экендиги аныкталган.

“Бүгүнкү күндө ведомстволор аралык чоң жумушчу топ түзүп түзүп, региондорго чыгып, былтыр тизме түзүп чыккан. Учурда 193 мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж. Акыркы беш жылда 282 жаңы мектеп курулган. Көп жылдан бери курулуш туура саясат журбөй, муктаж жерге салынбай, айрым бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн курулуп, ушундай кырдаалга келген экен. Азыр жыл сайын 50дөн 70ке чейин жаңы мектептер ишке киргизилип жатат. 1-сентябрга 31 жаңы объект ишке киргизилсе, анын ичинен 29у жаңы мектеп. Курулуш агенттигинин маалыматы боюнча, жылдын аягына чейин 70тен ашык жаңы объект курулат”, - деди Кудайбердиева.

Ал ошондой эле билим берүү жаатында баалоо системасын киргизгенин айтып, ар бир мектептин ишмердүүлүгү текшерилип, аккредитациядан өтүү боюнча маалыматтык база түзүлүп жатканын белгиледи. Ал белгилеп кеткендей, быйылкы жылдан тарта, 5-класстан баштап компетенттүүлүк негизинде жаңы билим берүү стандарттары, жаңы окуу китептери менен окутуу процесси башталган.

Мектептик билим берүү сапатына тийиштүү бир нече критерий бар. Эн биринчиден, мугалимдин кесиптик квалификациясы. Экинчиден, билим берүүнүн мазмуну, ошол эле стандарттар, окуу програмалары, оку китептери. Үчүнчүдөн, биздин балдарыбыз билим алып жаткан окуу шарттары, мектептердин курулушу. Ошондуктан, министрлик тарабынан ар бир багыт боюнча олуттуу кадамдар жасалып жатат.

2017-2018-окуу жылында Интернет менен мектептердин 67% камсыз болгон, 693 мектепке интернет жете элек.

Белгилей кетсек, Ноокат районундагы бир мектепке эки палатка тигилип, ошол жакта окуусун улантууга аргасыз. Мындан улам премьер-министр декабрь айына чейин мектептин курулушун аяктоого тапшырма бергенин билим берүү министри ишендирүүдө. Андан сырткары, Кочкор районунун Туз айылынын мектебинин окуучулары жакын жердеги ижарага алынган үйлөрдө окушат. Азыркы учурда өлкөдө 2262 мектеп иштеп жатат. Анда 1 млн 223 миң бала окуйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыйноого каршы улуттук борборго арыздангандардын саны көбөйдү
Кыйноого каршы улуттук борборго арыздангандардын саны көбөйдү
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
 Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)