Бишкекте ТҮРКПАнын 6-жыйыны өтүүдө

Бишкекте ТҮРКПАнын 6-жыйыны өтүүдө
14-Сен. 2018, Жума, 16:55

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияздун төрагалыгы астында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясын 6-жыйыны өтүүдө.

Жыйынга аталган комиссиянын төрагасы, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттеринин депутаттары, маданият министрликтеринин жана дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрүн, кинорежиссерлор, аниматорлор жана маданият ишмерлери катышууда.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз бул жылы ТҮРКПАнын 6-жыйыны Бишкекте өтүп жатканына абдан кубанычта экенин баса белгиледи.


Ошондой эле аталган комиссиянын төрагасы Астанда өткөн 5-жыйындын күн тартибинде негизги тема катары мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы табигый кырсыктар, кризистик кырдаалдар менен күрөшү боюнча маселелер болгонун жана бул комиссиянын кийинки отуруму Кыргызстанда болоору белгиленгенин эске салды.

“Бүгүн күндүм темасы “Кино менен анимация” Түрк тилдүү өлкөлөрдүн түрк маданий мурастарын бөлүгү катары жарыялоо, жайылтуу аспектилери. Ошондой эле ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда маалымат каражаттары жана маалымат чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүнүн маани маңызын, бардык түрк тилдүү мекемелердин деңгээлинде белгиленип келет. Бул боюнча мурдагы жыйында да белгиленген”,- деди комиссиянын төрагасы.


Ошондой эле анын айтымына караганда, ТҮРКПАда кино менен анимация маанилүү ролду ойнойт. Кино менен анимация түрк түлдүү элдердин келечек мууну үчүн кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик деп айтууга болот.

“Кино өзгөчө бир социалдык инстурмент катары элдин башын бириктире алат. Кино өндүрүүнүн аркасында, анын ининде массалык керектөөчүлөргө багытталган анимация маселен түрк тилдүү өлкөлөрдүн тарых таржымалын чечмелеп берүүгө абдан ыңгайлуу”,- деп кошумчалады Садык Шер-Нияз
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР