Жээнбеков: "Элетти өнүктүрүү-негизги багыт"

Жээнбеков:
21-Сен. 2018, Жума, 09:59

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-сентябрда Кемин районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кемин шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Жолугушууда Мамлекет башчысы сары өзөн Чүйдө, анын ичинде Кемин районунда айыл чарбасын эле эмес, бүтүндөй өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар бар экенин кошумчалады. Өнүккөн транспорттук инфраструктура бар, ири рынокторго жана кошуна өлкөлөргө чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк экенин белгилеп өттү.

Президент тышкы саясатка кыскача токтолуп, чет өлкөгө жасаган сапарлары жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып өттү.

«Кемин районунун аймагында иштей баштаган "Астра Солар Технолоджис“ ЖЧКсы бүгүнкү күнү КМШ өлкөлөрү арасында монокристалдык кремнийлерди чыгарган жалгыз ишкана. Бул долбоорго жалпысынан 5-9 млн АКШ доллары каралган. Мындан өлкө бюджетине жыл сайын 120 миллион сомго чейин акча түшөт. Долбоордун алкагында 200-300 жумушчу орунду түзүү каралган»,-деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Региондорду өнүктүрүү багытындагы маселелерге өзгөчө токтолду.

"2018-жылды аймактарды, элетти өнүктүрүү жылы деп жарыялагам. Жарлыкта аныкталган негизги приоритеттүү милдеттерди, анын ичинде таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын оңдоо, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу сыяктуу милдеттерди ишке ашырсак, өлкө өнүгөт",-дейт президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселени бир жылдык эмес, 6 жылдык ишинде көӊүл борборунда кармап, бул багытта аткарылып жаткан иштерди өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Ал калкка ипотекалык насыяларды берүү иши кийинки кезде солгундап кеткенин айтып, бирок ипотека берүү ишин күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруларын кабарлады. Мамлекет башчысынын айтымында, азыр берилип жаткан ипотекалык насыялардын үстөгү 8 пайыздан 6 пайызга чейин төмөндөтүлүп, ал бюджеттик мекемелердин кызматкерлери гана эмес, турак-жайга муктаж башка жарандарга бериле баштайт.

Ошондой эле Жээнбеков өзүнүн президенттик ишинде коррупция менен күрөшүү эң приоритеттүү багыт экенин дагы бир жолу баса белгилеп, элди колдоого чакырды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
 Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
  Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат
Жугуштуу оорулар ооруканасындагы кытайлык келиндин жагдайы айтылды
Жугуштуу оорулар ооруканасындагы кытайлык келиндин жагдайы айтылды
​Айсулуу Тыныбекова Азия биринчилигинде коло байге утту
​Айсулуу Тыныбекова Азия биринчилигинде коло байге утту
Арманымды укпайсың. Назира Айтбекова психологдорду сунуштады
Арманымды укпайсың. Назира Айтбекова психологдорду сунуштады
 Ырчы Гүланда: Эң биринчи орунга ден соолукту коелу
Ырчы Гүланда: Эң биринчи орунга ден соолукту коелу
 “Күттүм ай” деген ырчы Джонни сүйүктүүсүн тапты
“Күттүм ай” деген ырчы Джонни сүйүктүүсүн тапты