Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды

Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
24-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 11:52

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, кымбат баалуу автоунааларды контрабанда жолу менен Кыргыз Республикасынын (Бажы бирлигинин) аймагына ташып кирүү жана андан ары Россия Федерациясынын аймагына легалдаштыруу боюнча коррупциялык схеманы аныкташып, бөгөт коюшту. Бул тууралуу аталган мекеме “Zaman kyrgyzstan” маалымат агенттигине кабарлады. Анда айтылгандай, бул ишке Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча департаменттин кызматкерлери да катышкан.

“Бишкек шаары боюнча Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаментинин кызматкерлери 2016-жылдын январынан апрелине чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын “М.Т.” деген жаранынын атына 1955-ж. чыккан “Империал-Ньюпорт”, 1971-жылы чыккан “Форд-Меркури Кугар ХР7”, 1967-ж. чыккан“Линкольн-Континенталь”, 1995-ж. чыккан “Додж РАМ3500” жана 2005-ж. чыккан “БМВ 760LI” деген маркаларындагы автоунааларды катташкандыгы, андан кийин ага мамлекеттик номерлерди жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү беришкендиги аныкталды.
Кийинчерээк аталган автоунаалар катталган күндөн бир нече күн өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына ташып чыгуу үчүн каттоодон алынып салынган
, -деп айтылат маалыматта. Аталган автоунаалар Беларусь Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын каттоо бөлүмү тарабынан берилген документтердин негизинде “М.Т.” деген жаранга катталган.

Бирок, Белоруссиянын ИИМ МАИнин маалыматтарына ылайык, жогоруда аталган автоунааларды каттоодон алып салуу иш-аракеттери болгон эмес, ошондой эле Бажы бирлигинин бардык мүчөлөрүнүн Бажы органдарында аталган 5 автоунаа катталган эмес.


Мамлекеттик каттоо кызматы жүргүзгөн эсептерге ылайык жогоруда аталган 5 автоунааны бажылык каттоонун суммасы 13 млн. 769 миң 610 сомду түзөт.
17-сентябрда аталган фактылар боюнча Башкы прокуратура тарабынан Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаментинин кызмат адамдарына жана башка катыштыгы бар адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 204 (контрабанда) жана 350-беренелери(документтерди жасоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!