Боом капчыгайында убактылуу чектөө киргизилет

12-Апр. 2017, Шаршемби

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилүүдө. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 10-апрелден 17-апрелге чейин аталган автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 17-апрелге чейин аталган багыт боюнча ИИМдин жол кайгуул кызматы тарабынан саат: 9:00дөн 15:00гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

«Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, ИИМдин Патрулдук милициясы тарабынан автомобилдер өткөрүлүп турат»,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүз күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!