Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын Нью-Йорк шаарындагы 2001-жылы Дүйнөлүк соода борборунун талкаланган мунараларынын ордуна теракттын кесепетинен курман болгон адамдарды эскерүү үчүн орнотулган «11-сентябрь» Улуттук мемориалына гүл койду. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда президенттик аппараттан кабарлашты.
Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясындагы жалпы дебаттарга катышуу үчүн барган. Сапардын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышуусу пландалууда.