Бактыбаев:"Биздин өлкөдө адамды адам сатууга тыюу салынган"

Бактыбаев:
26-Сен. 2018, Шаршемби, 14:45

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчылыгына талапкер Рыскул Бактыбаев баяндама жазап жатып, ал Кыргызстанга 2002-жылы гана акыйкатчы институту киргенин, ага чейин адам укуктарын укугун жана адам эркиндигин прокуратура органдарына тиешелүү болуп келгенин эске салды.

Анын айтымына караганда, ал бул тармакта эмгектенип келгендиктен азыр акыйкатчылыкка өзүнүн талапкерлигин сунуштап жаткан маалы.

"Биздин Конституцияда адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу так жазылган. Биздин Конституциянын 38 статьясында адамдын эркиндиктери жана укуктары жөнүндө айтылат. Андагы адам укуктарынын негизгиси - бул жашоо укугу. Ошондуктан биздин өлкөдө өлүм жазасына, кулчулукка, адамды адам сатууга тыюу салынган. Ар бир адам - кол тийбестикке, эркин жер тандоого, эркин жашоого укуктуу. Ар бир жаран мыйзамда каралган тартипте, башкача айтканда сот тарабынан күнөөлүү деп табылганда гана жазага тартылат. Ал эми адам укугун коргоодо бүгүнкү маселелерге токтоло кетсем. Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн тергөө, оперативдик иштерде мыйзамдын сакталышы боюнча эл тарабынан көп нааразычылыктар айтылып келет. Мен 25 жылдан ашык прокуратура системасында иштеп келдим. Бул жактагы кемчиликтерди жакшы билем. Шайланып калсам, топтогон тажрыйбамды, билимимди эл үчүн кылып берет элем",- деди Бактыбаев.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!