​Муфтий Мари Дюмолин айым менен жолугушту

13-Апр. 2017, Бейшемби


Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Франция мамлекетинин Тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин дин иштери боюнча кеӊешчиси Мари Дюмолин айым менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргызстандагы дин эркиндиги жана дин маселелери, экстремизм, терроризмдин алдын алуудагы жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча пикир алышты.

Ал эми Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштерден кабар берип, өлкө боюнча мектептерде, ЖОЖдордо жана коомдук жайларда дин кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, бул иштер пландуу түрдө мындан ары дагы улантыларын баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!