Ошту суу каптоодо

13-Апр. 2017, Бейшемби

Ош шаарында жаандан улам арыктардан суулар ашып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарында бүгүн нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Алиева, Курманжан-Датка, Привокзальная, Заднетровская көчөлөрүндө арыктарга суу батпай ашып, турак-үйлөрдүн короолоруна жана жер төлөлөрунө суу кирип жатат.

Учурда ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары аталган даректерде сууну сордуруу иштерин жүргүзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!