Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 11:29

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 7-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, өз өлкөсүнүн жана россиялыктардын жыргалчылыгы үчүн алдыга белгилеген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди кааалады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулар кандай аткарылып жаткандыгын, ошондой эле ноябрь айында Астана шаарында өтө турган ЖККУ ЖКК сессиясын талкуулашты.

Буга чейин Жээнбеков Путинге туулган күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!