БМВ менен кичи автобус сүзүшүп, 2 адам каза болду

13-Апр. 2017, Бейшемби

Кечээ, 12-апрелде саат 23:30 чамасында «Манас» эл аралык аэропортунан Бишкекке келе жаткан жолдогу кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык аталган аэропорттон келе жаткан жолдо, Комсомол айылына бурулган жерде болгон. Анда Бишкекти көздөй келе жаткан БМВ үлгүсүндөгү унаа кичи автобус менен сүзүшүп, андан соң жол жээгиндеги даракка урунган.

«Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчү каза болгон. Ал эми кичи автобустун айдоочусу Сокулуктун РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!