УКМК турак-жай комиссиясынын мүчөлөрүн камакка алды

УКМК турак-жай комиссиясынын мүчөлөрүн камакка алды
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 16:12

2018-жылдын 2-октябрында буга чейин Ош облустук прокуратурасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык ыйгарым укутарынан аша чабуу фактысы боюнча козгогон тергөө иштеринин алкагында Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдары, турак жай-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү И.М. жана Ж.К. кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик коитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган маалыматтар боюнча, бул жооптуу адамдар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга батирлерди бөлүштүрүүдө турак жай-тиричилик комиссиясына мүчө болушкан. Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу жана кызматтык жасалмачылык беренелеринде каралган кылмыш белгилеринин негизинде айып тагылды. Учурда И.М жана Ж.К УКМКнын Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө абак жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы буга чейин козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаардык мэриясынын кызматтык адамдары жана турак-жай комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга батирлерди берүүдө мыйзам бузган фактысын аныктаган. Тагыраагы, 2017-жылы Ош мэринин токтому менен “Анар” кичирайонунда көп кабаттуу үйдө 66 батир ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бөлүнүп берилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 8 адамдын кыймылсыз мүлкү жоктугу тууралуу маалым каты жасалма экендиги аныкталган. 32 адам батир алганга чейин Бишкек шаарында, Ош, Жалал-абад областтарында өздүк турак-жайларда жашап келишкен.

Муну менен катар 9 адам 3-топтогу майыптыгы менен батирди мыйзамсыз алышкан. Анткени, Кыргыз Республикасынын турак-жай кодексине ылайык, 1-жана 2-топтогу майыптар гана кезексиз батир алуу укугуна ээ болот.

(Сүрөттүн окуяга тишеси жок)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!