Үмөталиева: "Кулматовдун маселесине президент көңүл бурушу керек"

Үмөталиева:
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 16:32

Бүгүн, 8-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун маселесине президент көңүл бурушу керектигин билдирди.

Анын айтымына караганда, ал Кулматовго козголгон кылмыш иш боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылат. Эгер президент бул маселеге көңүл бурбаса, анда маселе татаалдашып кетет.

"Мындай иштер каралбаса анда жасалма иштер көбөйөт. Көбөйгөн сайын мамлекеттин коопсуздугуна зыяны тиет деп эсептеймин. Биринчиден, Кулматовдун үстүнөн козголгон иш Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектеп куруу боюнча болуп жатат. Ал мектепти курууга Кытайдын ТВЕА компаниясы грант бөлүп берген, ал грантты иштеткен өздөрү жалдаган адамдар болгон. Кулматовдун буга эч кандай тиешеси жок. Экинчиден, ал аткаруучу бийликтин же өкмөттүн чечимин гана аткарып, Калыс-Ордодогу мектептин куруу иштери боюнча чечимдерди ишке ашырган. Ошондой эле ал мектепти өзү куруп, акча алуу же мэрия куруу иштерин жүргүзгөн эмес. Анан анын эмне күнөөсү бар. 4 айга жакындап калды, бул боюнча иликтөө иштери бүтүшү керек. Алар мындай документтер бар деп көрсөтүшү керек. Эч кандай документтери жок, анан Кулматов биздин жаран эмес дешти. Биздин жаран эмес болсо анда өздүгүн тактабай туруп кантип кылмыш ишин козгоп жатасыңар. Бул мыйзамга жатпайт. Кимдир бирөөгө кылмыш ишин козгордо өздүгүн тактайт. Эгер булар биздин жаран эмес деп эсептей турган болсо айыпталуучунун жанында кайсы өлкөнүн жараны болсо, анда сот процессине ошол өлкөнүн элчиси катышы керек",- дейт Үмөталиева.

"Кулматов жарандыгын тапшыруу боюнча өзү арыз берген эмес. Соттун чечими жок. Кулматовдун маселесине президент өзү көңүл бурбаса, маселе татаалдашат. Эртең башка да адамдар ушундай жол менен камала бериши мүмкүн. Ошондой эле Кулматовдун кылмыш иши чоң каражаттын аркасы менен жазалып жаткан иш же саясий иш болушу мүмкүн",-деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айып коюлган.

Июнь айында Кулматовго “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелеринин негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!