Сооронбай Жээнбеков экс-президентти кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков экс-президентти кабыл алды
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 16:44

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда Кыргызстанга Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууга келген Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаярды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Жээнбеков ардактуу мейманга «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздин жана көптөгөн чет элдик меймандардын азыркы учурдун көрүнүктүү жазуучу-гуманисти, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган Форумга катышуусу учурда көтөрүлүп жаткан дүйнөлүк маселелердин актуалдуулугун дагы бир жолу ырастап турат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Монголиянын мурдагы президенти бул иш-чаранын дүйнөнүн элдерин жакындатуу жана учурдун актуалдуу талаптарын чечүүдөгү маанисин белгилеп, улуу жазуучуга арналган форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

«Чыңгыз Айтматов — кыргыз элинин гана чыгаан уулу болбостон, дүйнөнүн бардык көчмөн элдеринин сыймыгы болгондуктан, мен бул Форумга катышууну өз милдетим деп эсептедим», — деп белгиледи Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаяр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!