Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты кайда болоору айтылды

Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты кайда болоору айтылды
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 17:37

Маркум Султанбек Жумагулов менен коштошуу зыйнаты 10-октябрда саат 10.00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драм театрында болот. Бул тууралу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

Узакка созулган катуу оорудан кийин 60 жашка караган курагында жазуучу, журналист, котормочу, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Султанбек Жумагулов 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунундагы Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган соң, 1981-жылдан тартып, ал республикалык «Ленинчил жаш» (кийинчерек – «Жаштык жарчысы», «Асаба») гезитинин редакциясында иштеген. 1991-жылдан тартып, башкы редактордун орун басары катары алгачкы республикалык парламенттик «Эркин Тоо» гезитинин калыптанышына чоң салым кошкон. 1993-2013-жылдары «Kyrgyzstan Chronicle», "Асаба" гезиттеринин редакцияларында, BBC радиосунун Дүйнөлүк кызматынын кыргыз редакциясында иштеп, ошол эле учурда согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Улуу Британия институту менен кызматташкан. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-аналитикалык кызматын жана «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеген. 2013-жылы – «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын директорунун милдетин аткаруучу. 2014-жылы – Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору болгон. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеген.

Султанбек Жумагулов 2017-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Кийинки айларда ал оор сыркоо менен күрөшүп келген. Ага карабастан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ал өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарды.

Султанбек Жумагулов адамгерчилик ариети бийик жана таза, жупуну, чыныгы интеллигент адам болгон. Өзүнүн көп жылдык топтогон тажрыйбасынын натыйжасында “Журналистикага жол” аттуу колдонмо китебин жазган. Ал тарбиялаган журналисттер, чыгармачыл жарандар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ири массалык маалымат мекемелеринде, мамлекеттик кызматтарда жетекчилик кызматта талыкпай эмгектенишүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!