ЖЭБдин кызматкерлери аварияга каршы машыгуудан өттү

ЖЭБдин кызматкерлери аварияга каршы машыгуудан өттү
9-Окт. 2018, Шейшемби, 10:03

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы абал жаралуу учурунда каралган аварияга каршы машыгууларга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аварияга каршы машыгууларга катышуу алкагында Боронов химиялык цехтин реконструкцияланган жабдууларынын иши, турбиналык цехтерди жана буу казандар цехин оңдоо, тактап айтканда, айнек салуу, тосулган конструкцияларды жана чатырды оңдоо иштери менен таанышты. Буга катар ал Бишкек ЖЭБ керектөөчүлөрүнө электр жана жылуулук энергиясын берүү жана аны иштеп чыгуу процесси жана жабдууларды башкаруу үчүн жоопкер ыкчам кызматкерлердин иши менен таанышты.

Биринчи вице-премьер-министрге үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Бишкек шаардык ЖЭБде реконструкцияланган химиялык цехтин курулушу жыйынтыкталгандыгы тууралуу маалымат берилди. Анын долбоордук кубаттуулугу саатына 144 метр кубду түзөт. Жаңы химиялык суу тазалоо тутуму бардык экологиялык талаптарга жооп берет, цехтин жабдуусу автоматтык режимде иштейт, бул Бишкек ЖЭБ жабдууларын пайдаланууну жеңилдетет. Учурда химиялык цехтин жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 504 метр кубду түзөт, мурда анын кубаттуулугу саатына 360 метр кубду түзгөн.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министрге аварияга каршы машыгуу, тактап айтканда, штаттан тышкаркы абал тууралуу маалымдоо, бузулуунун себептерин аныктоо, штаттан тышкаркы абалды локалдаштыруу жана режимди калыбына келтирүү иши көрсөтүлдү.

Машыгуу учурунда абанын кескин төмөндөшү себептүү келип чыккан катаал авариялык абалдагы ыкчам персоналдын аракети, ошондой эле турбиналык цехтеги деаэраторлордо деңгээлдин төмөндөшү учурунда жалпы станциянын ыкчам персоналынын аракеттери иштелип чыкты.

Бишкек ЖЭБге жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бардык иштерди курулуш-монтаждык иштердин графигине ылайык, өз мөөнөтүндө жыйынтыктоону, бул сыяктуу машыгууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүүнү жана персоналдын иш-аракетин бекитилген эрежелерге жана инструкцияларга ылайык камсыздоону тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды