Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен барды

Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен барды
9-Окт. 2018, Шейшемби, 10:19

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Талас облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы облустун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда болот.


Фасолду кайра иштетүү заводунун жана айыл жеринде жаңы мектептин ачылыштарына катышат.

Андан тышкары айыл чарба кооперативдеринин жана Казакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун иштери менен таанышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!