Бишкек - Торугарт унаа жолу жабылат

Бишкек - Торугарт унаа жолу жабылат
9-Окт. 2018, Шейшемби, 11:14

Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 9-октябрында Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жараткандыгына байланыштуу Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан саат 11-00дөн тартып, 15-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!