Исакунова, Мамытова жана Каденова кайсы өлкөлөргө кантип барганы ачыкталды

Исакунова, Мамытова жана Каденова кайсы өлкөлөргө кантип барганы ачыкталды
9-Окт. 2018, Шейшемби, 11:29

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованы жана анын 2 орун басарынын сапарлары боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу маалыматты кечээ, 8-октябрда Башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр Исакунова кезектеги эмгек өргүүсүндө болуп, дипломатиялык паспортту пайдаланып, премьер-министрге кабарлабай жана уруксат албай АКШга кетип, 2017-жылдын 6-9-ноябрь күндөрү "Инновациялар аркылуу туруктуу ишенимдин жетишкендиктери" аталышындагы глобалдык симпозиумда катышкан. Андан соң Исакунова Аргентинага жөнөп, 13-15-ноябрь күндөрү балдардын эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөшүү боюнча IV Бүткүл дүйнөлүк конференцияга катышкан.

Андан тышкары Исакунова Россиянын Санкт-Петербур шаарына барууга премьер-министрдин каршылыгына карабай, 2017-жылдын 16-18-ноябрь күндөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча кеңештин ХХХ мааракелик жыйынына катышкан.

Министрдин мурдагы орун басары Зууракан Каденова дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгына пайдаланып, 2017-жылдын 24-27-апрель күндөрү Ирандын Тегеран шаарына барган. Адан тышкары ал эмгек өргүүсү учурунда 2018-жылдын 2-22-сентябрга чейин Түштүк Кореяда окутуу программасында катышкан.

Мындан тышкары 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин министрликтин жетекчилери 26 жолу чет өлкөгө кызматтык сапар жасаганы ачыкталган. Алардын ичинде:

Министр Таалайгүл Исакунова 9 жолу (Улуу Британия, Кытай, Орусияга 2 жолудан барган, Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Арабия, Литва мамлекеттеринде болгон);

Министрдин орун басары Лунара Мамытова 3 жолу (АКШ, Германия жана Италия мамлекеттерине барган);

Министрдин орун басары Жылдыз Полотова 4 жолу (Литвага эки жолу барып, Венгрия жана Таиландга барган);

Министрдин орун басары Зууракан Каденова 10 жолу (Түштүк Корея менен Орусияга 3 жолу жана Казакстанга эки жолу барып, Польша, Бельгия, Германия, Италияга барган).

Бирок алар кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, Тышкы иштер министрлигине сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду беришкен эмес.

Исакунова менен Мамытова иш сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду аталган министрликтин Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмгө өз убагында тапшырышкан эмес. Буга байланыштуу министрликтин аталган бөлүмүнүн башчысына айып пул салынган. Андан сырткары жогоруда айтылган мыйзам бузууларды жоюу боюнча өкмөткө атайын сунуштама киргизилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!