Түптө 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган адам сабалып өлдү

Түптө 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган адам сабалып өлдү
9-Окт. 2018, Шейшемби, 15:17

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган адам сабалып өлдү. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов “Zaman Kyrgyzstan" маалымат агенттигине тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, 8-октябрда Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөттөгү бөлүмүнө айылдардын биринде эркек киши улгайган аялды зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу жетип барган.

Күбөлөр суракка алынып, ошол эле күнү саат 19:00дөр чамасында 30 жаштагы мас эркек киши тааныштарынын үйүнө кирип, 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылгандыгы аныкталган.

“Корккон аял кыйкырып жардам сурай баштаган. Апасынын үнүн уккан анын 30 жаштагы уулу зордуктаган адамды күч менен короого алып чыгып, аны сабаган. Ал жерге кошуналары чакырган милициянын инспектору келип, райондук милицияга жана ооруканага чалышкан”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Денесиндеги оор жаракаттардан улам зордуктаган адам ооруканага жеткирилип, ал жерде өзүнө келбей каза болгон. Аны сабаганга шектүү адам дагы ооруканага жеткирилип, көрсөтмө берген.

Зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу факт Түп ИИБинде катталып, "сабоо" факты боюнча кылмыш иши козголгон.

(Иллюстарциялык сүрөт)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды