Таласта буурчакты кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Таласта буурчакты кайра иштетүүчү завод ишке кирди
9-Окт. 2018, Шейшемби, 17:25

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Талас облусуна иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы «Азра» компаниясынын буурчакты кайра иштетүүчү заводун ишке киргизүү салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы заводдун ишинин башталышына расмий старт берип, Кыргызстанда өстүрүлүп жаткан буурчак эл аралык аренада чоң суроо-талапка ээ экендигин белгиледи.

Кыргызстан жылына 90 миң тонна экспорттоп, 70 млн. доллар пайда табат. Буурчак өндүрүүдө 150 миңден ашуун адам эмгектенет. Ошентсе дагы өндүрүү маселеси эмес, буурчакты кайра иштетүү, рынокко чыгуу жана сатуу маселелери актуалдуу болуп жатат. Бул маселе чет элдик инвесторлордун жана өлкөнүн «Айыл Банк», «РСК-Банк», «Кепилдик фонду» сыяктуу финансылык институттарынын колдоосунда жергиликтүү ишкерлердин демилгеси менен чечиле баштады.

«2018-жылдын башталышында мен жогоруда аталган финансылык институттардын жетекчилерине кредиттик саясатты айыл жергесине буруу, элеттик ишкерлерди колдоо үчүн ресурстардын олуттуу бөлүгүн региондорго жөнөтүү тапшырмасын бергем. Эми дагы жаңы долбоорлор ишке ашырылып, аймактарда ушул сыяктуу ишканалар ачылат»,-деп баса белгиледи президент.

Жээнбеков завод 250гө жакын жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылганын канааттануу менен белгиледи. Буурчак 25 өлкөгө анын ичинен Иранга, Түркияга, Индияга экспорттолот.

Ал эми «Азра» компаниясынын негиздөөчүсү Миргазы Оморов мамлекет башчысына 1997-жылы түзүлгөн компаниянын ишмердүүлүгү туурасында айтып берди. Анын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыты буурчак өстүрүү, экспорттоо, интенсивдүү мөмө бактарын отургузуу, продукцияны экспорттоо. Жылына орточо эсеп менен 15 миң тоннадан ашуун буурчак экспорттойт.
Тазалоо боюнча эки завод, буурчакты өлчөө жана таңгактоо өндүрүшүнүн күнүмдүк орточо кубаттуулугу 250 тонна, ошондой эле Кыргызстан боюнча 700 гектардан ашуун территорияга интенсивдүү алма бактары отургузулган.

Айта кетсек, интенсивдүү жер иштетүүнү каржылоо максатында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы суммасы 134 млн. сомду (же 1,9 млн. доллар) түзгөн 24 долбоорду колдоого алган. Эки жылдык каникулу бар 7 жылдык кредиттик линия ачылган. 12 банктан акча каражатын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Учурда «Айыл банк» менен «РСК-Банк» бул каражаттарды бөлүп берүүдө. Анын ичинен Талас облусу боюнча 2 долбоор жактырылып, 3,7 млн сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды