Финансы полициясы ишкерлерге мыйзамсыз кийлигишүүсүн Россия менен бирге коргойт

Финансы полициясы  ишкерлерге мыйзамсыз кийлигишүүсүн Россия менен бирге коргойт
9-Окт. 2018, Шейшемби, 18:33

9-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин өкүлү, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Владимир Лузганов менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы “Zaman Kyrgyzstan” маалымат агенттигине кабаралады.

Жолугушуунун алкагында ЭККМКнын төрагасы укук коргоо органдарынын системасын реформалоону ишке ашырууда финансы полициясынын иш-милдеттери бир кыйла кеңейип, жоопкерчилик көбөйгөндүгүн айтты. Муну менен бирге азыркы күндө кызматтын башкы милдеттеринин бири республиканын ишкерлерин мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо жана бизнес, өлкөгө инвестициянын келүүсү үчүн максималдуу жакшы шарттарды түзүү болуп саналаарын айтты. Бакир Таиров Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө активдүү кызматташуусу Кыргыз Республикасынын да, Россия Федерациясынын да жарандарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыздай алат деп белгилеп өттү. Өз кезегинде Владимир Лузганов ЭККМКнын демилгесин колдоп, макулдугун билдирди, бул Кыргыз-Россия мамилелерин бекемдөөгө жаңы кадам экендигин, мында эки тууган өлкөлөрдүн жакшы инвестициялык чөйрөсүн түзүү жана ишкерлерди коргоо маселелерине жардам боло тургандыгын белгилей кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Өмүрбек Бабановго айып салынды
Өмүрбек Бабановго айып салынды
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бийликтен четтеген президент ханзаададан  акча алганын моюнуна алды
Бийликтен четтеген президент ханзаададан акча алганын моюнуна алды
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Балага кантип туура багыт берүү керек?
Балага кантип туура багыт берүү керек?