Контрабанда жолу менен кирген 17 тонна канаттуунун эти кармалды (фото)

Контрабанда жолу менен кирген 17 тонна  канаттуунун эти кармалды (фото)
10-Окт. 2018, Шаршемби, 10:04

2 миллион сомдон көп суммадагы канаттуунун этин контрабанда жолу менен ташып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы”Zaman Kyrgyzstan” маалымат агенттигине кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Финансы полициясынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды мыйзамсыз ташып кирүүнү аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, “Ноокат” салмак көлөмдүк көзөмөл постунун жанындагы Ош-Ноокат жолунан “ДАФ” маркасындагы автоунааны Шерау чиркегичи менен табышкан. Аталган унаадагы жүктөргө текшерүү жүргүзгөндө болжол менен жалпы салмагы 17 тонна болгон, эч кандай документтери жок канаттуунун эти (өрдөктүн төштөрү) бар кутулар табылган. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Ош бөлүмүнүн корутундусуна ылайык кармалган товардын жалпы орточо рыноктук наркы 2 миллиондон көп сомду (2 миллион 210 миң сом) түздү. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде (контрабанда) каралган кылмыштын белгиси боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!