Абылгазиев Чүйдөгү мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону тапшырды

Абылгазиев Чүйдөгү мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону тапшырды
10-Окт. 2018, Шаршемби, 10:17

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыдыруу учурунда Өкмөт башчы жаңы мектептин курулуш долбоору жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министр Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Норус айылындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону камсыздоосун жана курулуш иштеринин сапатына өзгөчө басым коюуну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!