Жээнбеков Өкмөттүн мурдагы жетекчилери менен жолугууга ниеттенүүдө

Жээнбеков Өкмөттүн мурдагы жетекчилери менен жолугууга ниеттенүүдө
10-Окт. 2018, Шаршемби, 10:25

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн маданият, илим, билим ишмерлери, Өкмөт менен парламенттин мурдагы жетекчилери жана Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылып жаткан өнөктөштөр - донорлор менен да жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу ал кечээ, 9-октябрда Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылында орто мектептин ачылыш аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы буга чейин коомдун түрдүү тармактарында эмгектенген адистер жана кесипкөй адамдар менен жолугушуу өткөргөнүн эске салды. Алар - маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери, Кыргызстандын бизнес коомчулугу.

«Ар кайсы багыттарды өнүктүрүп, Кыргызстаныбызды жаӊы тепкичке көтөрүү боюнча сунуштарды талкууладык. Өлкөбүздү өнүктүрүүдө кандай көйгөйлөр бар экендигин ачык сүйлөштүк. Курч маселелерди ортого салып, аны чечүүнүн жолдорун белгиледик. Эл арасында аттуу-баштуу, мамлекеттин ишине өз салымын кошчу адамдарыбыз арбын. Мурда кыргыз өкмөтүн жана парламентин жетектеген инсандар менен да ийри отуруп, түз кеңешип, ачык сүйлөшүп, өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык актуалдуу маселелери боюнча пикир алышууга ниеттенип жатам», - деп белгиледи Жээнбеков.

Кече жакында Кыргызстанда дүйнөнүн булуң бурчунан чогулган интеллигенция өкүлдөрү катышкан Айтматов форумун эске салган президент жакында өлкөнүн интеллигенция өкүлдөрү менен да жолугарын билдирди.

Жээнбеков Мамлекет башчысы катары негизги максаты – коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошом деген бардык активдүү адамдардын башын бириктирүү экенин баса белгиледи.

«Мамлекетибизди өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсо, бардык максаттарга жетебиз. Жалпы кыргызстандыктар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бирдиктүү болгондо гана Кыргызстан туруктуу өнүгөт”, - дейт Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды