Жарандар тиркеме аркылуу дооматын айта алышат

13-Апр. 2017, Бейшемби

Ош шаарынын тургундарынын кайрылууларын, даттанууларын жана сунуштарын кабыл алуу үчүн "OshCity" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, тиркеменин бет ачарына шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, бардык мекеме ишканалардын жетекчилери, “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери катышты.


Шаар мэри Кадырбаев жарандардын онлайн кайрылууларын кабыл алуу үчүн мобилдик тиркеме республикада алгачкылардан болуп Ош шаарында ишке берилгендигин белгиледи.


“2016-жылдын февраль айынан бери Ош шаарынын мэриясы “Youth of Osh” коомдук бирикмеси менен биргеликте жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн “Онлайн” картасын (www.map.oshcity.kg) ишке киргизгенбиз. Кыргызстанда алгачкылардан болуп пилоттук негизде 13 ишкана киргизилип, бир жыл ичинде “Онлайн” системасы аркылуу 250гө жакын кайрылуулар кабыл алынган.

Мониторинг көрсөткөндөй “Онлайн” картасы менен иштөө өзүнүн оң жыйынтыгын берди. Шаардыктар ар кандай маселелер боюнча кайрылуулары ыкчам жана сапаттуу каралып, өз убагында тиешелүү жооптордун берилишине өбөлгө түздү. Ошондон улам бул долбоорго быйылкы жылдын башында кошумча 12 мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошууга жетиштик. Жыйынтыгында бүгүнкү күндө баардыгы болуп 25 багытта кызмат көрсөтүлүп жатат”,-деди калаа башчысы.

Бул долбоордун артыкчылыгы - ар бир жаран тигил же бул маселе боюнча өз оюн, пикирин, сунушун мурдагыдай компьютер аркылуу эле эмес, мобилдик телефону аркылуу тиешелүү кызматтарга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Өз кезегинде мындай мүмкүнчүлүк мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердигин жакшыртууга жана жоопкерчилигин жогорулатууга негиз түзөт деп ишендирет шаар бийлиги.

Мобилдик тиркеме аркылуу шаар тургундары мэрияга жана 25 муниципалдык шаардык кызматтарына кайрылуусуна мүмкүндүк берет. Бул тиркеме сүрөттөрдү жүктөөгө, башкалардын кайрылууларын жана мэриянын жаңылыктарын окууга мүмкүндүк берет.


Ал OshCity App Store менен Play Marketте кыргыз жана орус тилинде жеткиликтүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!