Президент Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрин кызматтан бошотту

Президент Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрин кызматтан бошотту
11-Окт. 2018, Бейшемби, 15:15

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкул Исакунова ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын чет өлкөгө жасаган сапарлары боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарган. Ага лайык, министр Исакунова кезектеги эмгек өргүүсүндө болуп, дипломатиялык паспортту пайдаланып, премьер-министрге кабарлабай жана уруксат албай АКШга кетип, 2017-жылдын 6-9-ноябрь күндөрү "Инновациялар аркылуу туруктуу ишенимдин жетишкендиктери" аталышындагы глобалдык симпозиумда катышкан. Андан соң Исакунова Аргентинага жөнөп, 13-15-ноябрь күндөрү балдардын эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөшүү боюнча IV Бүткүл дүйнөлүк конференцияга катышкан. Андан тышкары Исакунова Россиянын Санкт-Петербур шаарына барууга премьер-министрдин каршылыгына карабай, 2017-жылдын 16-18-ноябрь күндөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча кеңештин ХХХ мааракелик жыйынына катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды