Бишкектин жаңы конуштарында жолдорду түздѳѳ иштери жүргүзүлѳт

Бишкектин жаңы конуштарында жолдорду түздѳѳ иштери жүргүзүлѳт
11-Окт. 2018, Бейшемби, 15:59

Жол инфраструктурасын жакшыртуу, транспорт кѳйгѳйлѳрүн чечүү жана тургундардын жүрүүсүнѳ ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарынын жаңы конуштарында 200 км жол катмары түздѳлѳт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабаралады.

«Бүгүнкү күндѳ «Бишкекафальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан «Арча-Бешик», «Тѳкѳлдѳш», «Кара-Жыгач», «Рухий-Мурас», «Кѳк-Жар», «Алтын-Ордо» жаңы конуштарында жолдорду түздѳѳ иштери жүргүзүлдү. Түздѳлгѳн жолдордун жалпы узундугу 54430 погодук метрди түзѳт», - деп айтылат маалыматта.

Учурда ишкана «Учкун» жаңы конушунда түздѳѳ иштерин ѳткѳрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!