УКМК: Чүй аймагында катылган курал-жарактар табылды

УКМК: Чүй аймагында катылган курал-жарактар табылды
11-Окт. 2018, Бейшемби, 16:05

УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун Озерное айылында курал-жарак катылган жер табылды.

Мекеменин басма сөз кзматы кабарлагандай, аныкталган жерде “Макаров” тапанчасы жана номерлери өчүрүлгөн “Иж” травматикалык тапанчасы, мылтык, ар кандай калибрдеги 77 ок жана желим октор табылып, мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык курал-жарак жана ок-дарылар жарактуу болуп чыкты.

Учурда чогулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу максатында УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына жиберилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!