Бишкек мэриясы Кытай компаниясынын ѳкүлдѳрү менен жолугушту

Бишкек мэриясы Кытай компаниясынын ѳкүлдѳрү менен жолугушту
11-Окт. 2018, Бейшемби, 16:18

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлѳбаевдин кытай делегациясынын башында турган «BeijingEnterprisesGroupCompanyLimited» компаниясынын тѳрагасынын орун басары Ли Юн Чен менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптардын суу чарба тармагында тыгыз кызматташуусу, тазалоочу курулма жана ичүүчү сууну жеткирүү, энергетика, газ, энергиянын жаңы булактары жана айлана-чѳйрѳнү коргоо талкууланды.

Аталган иш-чарага Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Нурлан Касымов, «Бишкексууканал» башкармалыгынын башчысы Асылбек Исаев, «BeijingEnterprisesGroupCompanyLimited» башкы менеджеринин кеңешчиси Шонг Бин, тышкы байланыштар боюнча департаменттин директору Чжу Иньху, жана башка кызмат адамдары катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!