Лунара Мамытова кызматынан бошотулду

Лунара Мамытова кызматынан бошотулду
12-Окт. 2018, Жума, 10:04

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова берген арызына ылайык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу кечээ, 11-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура аталган министрликтин жетекчилери 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин 26 жолу чет өлкөгө кызматтык сапар жасаганын ачыктаган. Алардын ичинде:

Министр Таалайгүл Исакунова 9 жолу (Улуу Британия, Кытай, Орусияга 2 жолудан барган, Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Арабия, Литва мамлекеттеринде болгон);

Министрдин орун басары Лунара Мамытова 3 жолу (АКШ, Германия жана Италия мамлекеттерине барган);

Министрдин орун басары Жылдыз Полотова 4 жолу (Литвага эки жолу барып, Венгрия жана Таиландга барган);

Министрдин орун басары Зууракан Каденова 10 жолу (Түштүк Корея менен Орусияга 3 жолу жана Казакстанга эки жолу барып, Польша, Бельгия, Германия, Италияга барган).

Бирок алар кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, Тышкы иштер министрлигине сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду беришкен эмес.

Исакунова менен Мамытова иш сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду аталган министрликтин Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмгө өз убагында тапшырышпаганын ачыктаган


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!