Коомдук транспорттордо электрондук билеттер ишке киргизилет (фото)

Коомдук транспорттордо электрондук билеттер ишке киргизилет (фото)
12-Окт. 2018, Жума, 10:13

11-октябрда Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин кызматкерлери ЖМКнын өкүлдөрүнө коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системаларды ишке киргизүү долбоору жөнүндө атайын маалымат жыйын өткөрүштү.

“ Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биз Чехия республикасынын “Микроэлектроника” компаниясы менен келишим түзгөнбүз. Муниципалдык коомдук транспорттордо жүрүү эки тартипте болот. Накталай акча төлөө жана жүрүүчү транспорттук картанын негизинде. Карталар ардагерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн, окуучулар үчүн жана жалпы жарандар үчүн болуп үч түргө бөлүнөт. Карта менен төлөгөндө жол акысы өзгөрбөйт. Ардагерлер бекер жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Учурда шаардагы троллейбустарга жана автобустарга атайын аппараттар орнотулуп, системалар адистер тарабынан текшерилип бүттү. Долбоорду октябрь айынын аягында ишке ашырууну пландап жатабыз”,-деди шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин директору Мурзабек Дубанаев.

Айта кетсек, транспорттук карталар Ош шаарынын муниципалдык автоунаа ишканасында сатылат. Картаны алуу учурунда жарандарда паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды