Абылгазиев менен Энхтувшин кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Абылгазиев менен Энхтувшин кызматташтыктын келечегин талкуулашты
12-Окт. 2018, Жума, 10:50

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Монголиянын Премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин эки жактуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан Монголия менен эки тараптуу мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүнү ар дайым колдойт жана ал бүгүнкү жолугушуу бул багыттагы активдүү иштер үчүн түрткү болоруна ишеним билдирди.

«Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнүгүү потенциалына ээ соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө тийишпиз», – деди Абылгазиев.

Өз кезегинде Монголиянын Премьер-министринин орун басары жолугушуу жана кыргыз-монгол кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн элдеринин маданий-тарыхый байланыштарын эске алуу менен артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууларды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакын арада Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн туристтик потенциалын эсепке алуу аркылуу тоо кен казуу жана туризм тармактарында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү баса көрсөтүлдү.

Айта кетсек, жолугушуу 12-октябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды