Абылгазиев Афганистандын аткаруу бийлигинин башчысы менен жолугушту

Абылгазиев Афганистандын аткаруу бийлигинин башчысы менен жолугушту
12-Окт. 2018, Жума, 11:36

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Афганистандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Абылгазиев афган коллегасы менен саламдашууда үстүбүздөгү жылдын октябрында парламенттик шайлоону жана келээрки жылы президенттик шайлоону өткөрүүгө ийгилик, ошондой эле өлкөгө жана афган элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

«Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүнү колдойбуз, себеби мындай потенциал бар. Кыргызстан кыргыз-афган өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү чечимин жактырды жана жакын арада аталган комиссиянын жыйынын өткөрүү максатында аны түзүү келишимине кол коюуга даяр», – деди Премьер-министр.

Афганистандынн аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла ар кыл тармактагы кыргыз-афган кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

«Мен алдыда өтчү кеңешме алкагындагы жолугушуубузга кубанычтамын, ал актуалдуу эл аралык жана аймактык, ошондой эле эки тараптуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет. Биз өлкөлөр ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүүсү үчүн чыгуудабыз», – деди ал.

Тараптар ошондой эле, Чоң жана Кичи Памирде жашап жаткан этностук кыргыздардын социалдык-экономикалык абалын талкуулашты.

Айта кетсек, жолугушуу Дүйшөмбү шаарында 12-октябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды