Ошто кызын чынжыр менен тушап салган атасына иш козголду

Ошто кызын чынжыр менен тушап салган атасына иш козголду
12-Окт. 2018, Жума, 12:03

Ошто кызынын бутун чынжыр тушап салган атасына Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, 5-октябрь күнү Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутуна чынжыр менен жүргѳн кыз тууралуу жарандар тарабынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгына билдирилген. Маалыматты тактоо боюнча барган ыкчам-тергѳѳ тобу чындыгын да эле 2009-жылы туулган кыздын бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжырдын бар экенин кѳрүшкѳн, жана окуяны тактоо үчүн тергѳѳ кызматына алып келишкен.


Кыздын кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда аны атасы шоктонгондугу үчүн эки бутун чынжыр менен тушап, байлап койгон. Ал эми атасы болсо кызынын ѳзгѳчѳ шоктугу жана кѳчѳгѳ кѳп чыга бергендиги үчүн биринчи ирет эле коркутуп коюу максатында ушундай ишке баргандыгын айтты.


Алгачкы тергѳѳнүн жүрүшүндѳ маалым болгондой, кыз тушалган боюнча сыртка чыгып кеткен. Бир бутунданы чынжыр болт менен бекитилгендиктен аны оңой эле чыгарып алган, ал эми, экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан чыгара албастан жүргѳн. .Учурда ар тараптуу иликтѳѳ, тергѳѳ иштери улантылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды