Каракол шаарынын мэрин шайлашты

Каракол шаарынын мэрин шайлашты
12-Окт. 2018, Жума, 13:36

Каракол шаардык кеңештин депутаттары Адыл Каниметовду шаардын мэри кылып шайлашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда аталган шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка караганда, Каниметовдун талапкерлиги үчүн 18 депутат добуш берген.

Эскерте кетсек, мурда Каракол шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Кийинчерээк ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!