Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министри кызматынан бошотулду

Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министри кызматынан бошотулду
12-Окт. 2018, Жума, 16:32

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Эрлан Абдылдаев отставкасы кабыл алынып, ал Тышкы иштер министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда президенттик аппараттан билдиришти.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн изилдеп чыккан.

Текшерүү жыйынтыгында Тышкы иштер министрлигинин системасындагы бузуулар фактысы орун алгандыгы жана элчи Султан Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!