Окуучуну сабаган мугалимге кылмыш иши козголду

13-Апр. 2017, Бейшемби

Таласта 6-класстын окуучусун сабаган мугалимге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-март күнү саат 16:00 чамасында Талас районунун Козучак айылындагы М.Мамбетов орто мектебинин мугалими мас абалында 6-класстын окуучусун бир нече ирет башка чапкан. Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, окуучунун ден соолугуна жеңил зыян келтирилген.

27-мартта аталган райондун прокуратурасы тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мугалимге карата Кылмыш кодексинин жашы жете электерди тарбиялоо милдетин аткарбоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда кылмыш иши Талас райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!