Азиз Суракматов жол кире акысын көтөрүүгө каршы пикирин билдирди

Азиз Суракматов жол кире акысын көтөрүүгө каршы пикирин билдирди
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 16:36

Маршруттук каттамдардагы жол кире акысын көтөрүүгө Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов каршы. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев социалдык тармак аркылуу билдирүү таратты.

Маалым болгондой, өткөн жумада Бишкектин мэри Азиз Суракматов менен жолуккан айдоочулар жол кирени көтөрүү маселесин дагы бир сыйра козгошкон.

Калаа башчы "Акчаны коё туруп, биринчи кезекте айдоочулар автоунаалардын санитардык, техникалык акыбалын оңдоп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактап, жолдо жүрүү эрежелерин бузбай, жүргүнчү менен мамиле куруу маданиятын көтөрүшү керек" - деген мааниде жооп кайтарганын Балбак Түлөбаев билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!