Баткенде Курсан Асановдун реформалар боюнча жолугушуусу өттү

Баткенде Курсан Асановдун  реформалар боюнча жолугушуусу өттү
16-Окт. 2018, Шейшемби, 09:28

15-октябрь күнү Баткен ОИИБнин жыйындар залында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Баткен ОИИББнин өздүк курамы, андан сырткары Ички иштер органдарынын ардагерлери менен жолугушту. Анда укук коргоо чөйрөсүн реформалоо алкагында кабыл алынган 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирүүчү Кылмыш-жаза кодексинин, Жазык-процесстик кодексинин, Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин жоболору талкууланып жана “ ички иштер органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун презентациялоо менен талкууланды.


ИИМдин орун басары Курсан Асанов катышуучуларга жогорудагы мыйзам долбоорлор кабыл алынса, республиканын жарандары менен Ички иштер орган кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө, андан сырткары башка укук коргоо органдарына өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Мыйзам долбоорду кабыл алуу укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай окладын көбөйтүү, биринчи ирээтте катардагы жана жетектөөчүлүк курамдагы кызматкерлердикин 40 пайызга чейин, ошондой эле ИИОдогу кызмат өтөгөндөгү үчүн кошумча 30 пайызга көбөйтүүгө шарт түзүп, укук коргоо кызматынын аброюн көтөрүп, укук коргоо органдарынын түзүмдөрүндө орун алган паракорчулук көрүнүштөрүн азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул Жарлыктын негизги максаты – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мамлекеттик тутумун жогорулатуу болуп саналат. Ички ишер органдарынын потенциалын чыӊдоо жана жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүүгө жетишүүнүн негизги жагдайы болуп эсептелет.

Ички иштер министрлиги тарабынан жогорудагы Жарлыкты ишке ашыруу максатында укуктук, уюштуруучулук, каржылык жана башка маселелерди чечүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!