Көр саткандарга кылмыш иши козголду

Көр саткандарга кылмыш иши козголду
16-Окт. 2018, Шейшемби, 15:10

Ленин райондук прокуратурасы "Бишкек аза кызматын көрсөтүү" муниципалдык агенттигинин кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык” жана “Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же таратып жок кылуу” беренелери боюнча иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалым болгондой, аталган агенттиктин кызматкерлери Түштүк-батыш көрүстөнүндө инженердик коммуникациялар (жол, жолдун чекелери, ирригациялык түйүндөр) жайгашкан жерлерди мыйзамсыз түрдө көрүстөн үчүн беришкен. Текшерүү учурунда сөөк коюлбаганы аныкталган.

(Azattyk - videograb)

Мындан сырткары агенттиктин айрым кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, маркумду койгону келгендерден акча алып алып жүргөнү аныкталган.

Кылмыш иши мындан ары иликтенүүсү үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

"Азаттыктын" журналисти маркум Улан Эгизбаев коомчулукта резонанс жараткан "Көрүстөндөгү коррупция" аттуу иликтөө жасап, агенттиктин кызматкерлери көр саткан фактыларын бетин ачкан.

Улан Эгизбаев 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө каза тапты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!