​Этникалык кыргыздардын арасында “Сармерден” болду

14-Апр. 2017, Жума

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Октябрь айылында “Сармерден” музыкалык конкурсу болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин Чүй облусундагы жетектөөчү адиси Дамира Кубатова билдирди.

Анын айтымында, конкурска райондогу Васильев айылдык аймагынын мырзалары менен Октябрь айылдык аймагынын айымдары катышкан.

Эки айылда этникалык кыргыздар жашайт, алардын басымдуу бөлүгү Тажикстандан көчүп келген кыргыздар. Алар ал жерге отурукташып кыргыздын улуттук каада-салтын улантууда түрдүү иш-чараларды уюштуруп турат.

Кыз-жигиттер арасында өткөн бул сынакта улуттук ырлар жаңырып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна арзыды. Соңунда команданын катышуучуларына дипломдор тапшырылып, баалуу белектер берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!