Разаков Чехиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Разаков Чехиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
20-Окт. 2018, Ишемби, 12:25

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Элишка Жигова менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу кечээ, 19-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-чех эки жактуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

«Үстүбүздөгү жылы биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгын белгилейбиз. Өз ара кызыкчылыктардын бардык тармактарында кызматташууну келечектүү бекемдөө потенциалы зор», – деди Разаков.

Ошондой эле Разаков белгилегендей, саясий диалогдун активдешүүсү эки өлкөнүн тышкы экономикалык өз ара алакаларына дагы таасирин тийгизет.

Андан соң тараптар болуп өткөн кыргыз-чех бизнес-форумун талкуулашты. Элчи Элишка Жигова бул иш-чаранын ийгиликтүү өткөрүлгөнүн белгиледи.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, мындай иш-чаралар эки жактуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү үчүн ыңгайлуу аянтча болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!