Сурабалдиева менен Жээнбеков кайым айтышууда

Сурабалдиева менен Жээнбеков кайым айтышууда
20-Окт. 2018, Ишемби, 17:50

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева: «2014-жылы Равшан Жээнбековдун атасы Бабырбек Жээнбеков Антмонополия кызматынын директору болгон. Бул байке тарифтерге (мыйзамдуу) макулдук берүү үчүн өзүнүн кызматкери Н.Кудаяров аркылуу менден 300 000 сом талап кылган»,- деп фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, ГСБЭПтин экс кызматкери Р.Умаровдун жардамы менен мамлекеттик кызматкер Н.Кудаяров талап кылынган параны алып жаткан жеринен кармалган. Бир жылга жакын соттошуп жатып, аны сот жообуна тартууга жетишкен. Бирок, анын оордуна Бабырбек Жээнбеков болушу керек болчу.

“Ал коркуу менен эле чектелип, кызматын өткөрүп кетип калган. Кийин депутат болгондон кийин опозияция сөрөйдүн атасы жогорку жактагы саясатчылардын коргоосунда адилет жазадан качып кеткенин билдим. Алар Форумда башкы орунда жүргөн адамдар болгон. Ким жөнүндө сөз болуп жатканын өзүңөр тапкыла”,- деп жазган Сурабалдиева.

“Равшан Жээнбеков Акаевдин доорунда мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турганда мамлекеттин мүлкүн сатып байыганын унчукпай эле коелу. Убакыт келет мамлекеттин менчигин сатып байыган сүткорлорду сурай турган жаштар келет”,- деп кошумчалаган ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков депутаттын билдирүүсүнө фейсбук аркылуу жооп кайтарды.

Анда ал "КСДПнын кошматчы депутаты Эльвира Сурабалдиева КСДП бийликте туруп, аларга каршы болгондорду толугу менен түрмөгө отургуза албай калганына нааразы экен",- деп фейсбуктагы баракчасына жазган.

Андагы маалыматка караганда, ага жана анын атасына түрмөдөн орун жетпей калган.

«Мага, атам Б. Жээнбековко түрмөдөн орун жетпей калыптыр. Эльвира адатта кошматчыларга, сага окшогон кызмат жакшы берилет. Башкы прокурордукту сура. Мени, атамды мүмкүн отургуза аласың...»,- деп жазган экс-депутат Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!