Жээнбеков: "Мага, атам Жээнбековго түрмөдөн орун жетпей калыптыр"

Жээнбеков:
20-Окт. 2018, Ишемби, 18:20

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков депутат Элвира Сурабалдиеванын билдирүүсүнө фейсбук аркылуу жооп кайтарды.

Анда Равшан Жээнбеков:"КСДПнын кошматчы депутаты Эльвира Сурабалдиева КСДП бийликте туруп, аларга каршы болгондорду толугу менен түрмөгө отургуза албай калганына нааразы экен",- деп жазган.

«Ошондой эле мага, атам Б. Жээнбековко түрмөдөн орун жетпей калыптыр. Эльвира адатта кошматчыларга, сага окшогон кызмат жакшы берилет. Башкы прокурордукту сура. Мени, атамды мүмкүн отургуза аласың...»,- деп кошумчалаган экс-депутат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!