Депутат жол кырсыгына кабылып, апасы каза тапты

Депутат жол кырсыгына кабылып, апасы каза тапты
22-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 09:33

21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов туугандары менен Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылып, унаада кошо келе жаткан апасы каза тапты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган. Депутаттын абалы жакшы, апасынын сөөгүн Ошко алып кеткен. Автоунаада жалпысынан төрт адам болгон.

Кырсык Бишкек-Ош жолунун Токтогул районундагы бөлүгүндө орун алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!