​Жалал-Абадда өнөр жай тармагы өнүгүүдө

14-Апр. 2017, Жума

Жалал-Абад шаарында быйылкы жылдын биринчи чейрегинде өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү өткөн жылдагыга караганда кыйла артып, 119,9 миллион сом көлөмүндө көбүрөөк өндүрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, шаардагы өнөр жай ишканалары биринчи чейректе пордукция өндүрүү жагынан мурдагы жылга караганда кыйла жандуу аракеттерди жасашкан.

“Быйылкы биринчи чейректе шаарыбыздагы өнөр жай ишканалары 979,7 миллион сом көлөмүндө продукция өндүрүштү. Ал эми өткөн жылдын биринчи чейрегинде 859,8 миллион сом көлөмүндө продукция өндүрүлгөн эле. Демек, өсүүнүн көлөмү 119,9 миллион сомго же 113,9 пайызга барабар болду. Албетте, өндүрүү жагынан алга жылыштар бар, бирок продукцияны сатып өткөрүү жагынан ишканалар аракеттерди жасап жатышат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүү, минералдык суу, курулуш материалдарын иштеп чыгаруу, ташты иштетүү, электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана башка тармактарда ишканалар тынымсыз иштеп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!