Бишкекте өзгөчө парк пайда болот (фото)

Бишкекте өзгөчө парк пайда болот (фото)
3-Ноя. 2018, Ишемби, 12:41

Бишкектин Байтик Баатыр менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы парк пайда болот.

Шаардык мэриядан кабарлагандай, жаңы долбоорду “БишкекБашкыАрхитектуранын” кызматкерлери иштеп чыгып, шаар куруу кеңеши бекитип берген. Аталган долбоордо парктын ортосуна фонтан комплекси менен бирге соода күркөлөрүн, даараткана, 140 автоунага ылайыкташкан унаа токтотуучу жайды кошо куруу камтылган.

Парктын жалпы аянты 10.22 гектарды түзөт.

Мэрия мындан сырткары Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишкен жеринде шаар тургундарынын эс алуусуна бардык шарттар каралган бульвар куруларын билдирген.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР